• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММБФ мамүлүшү бар акционердик коомдордун рентабелдүүлүгүн баалоо боюнча иш жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун рентабелдүүлүгүн баалоо боюнча иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, фонд рентабелдүүлүктү баалоо боюнча ишти жүргүзүү үчүн ыкманы иштеп чыгып, бекиткен.

“Методология 8 каржылык, 4 каржылык эмес көрсөткүчтөн турат. Бул акционердик коомдор үчүн да, биз үчүн дагы маанилүү”, - деди ал жана мамлекеттин үлүшү бар 22 акционердик коом бар экенин кошумчалады.

Андан сырткары Түлөбердиев акционердик коомдордун башкармалыгынын мүчөлөрү жана директорлордун мүчөлөрүнүн айлык акыга болгон чоң кызыгуусуна байланыштуу жаңылык кирерин белгиледи.

“Биз бүгүн жаңы нерселерди киргизип жатабыз. Эми жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын айлык акысы таза киреше боюнча ишти аткаруу планынан көз каранды болот. Биз айлыкты негизги көрсөткүчтөргө байлайбыз. Мамлекеттин кирешесин өстүрүүгө стимул пайда болот. Ушул методология кызматкерлерге байланыштуу кабыл алынганы да маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

1-ноябрга чейин фонд мамлекеттик ишканалар үчүн негизги көрсөткүчтөрдү аныктайт.

“Бизде 99 ишкана бар. Алардын 6га жакыны таза кирешени алууда үстөмдүк кылат. Азыр тармактык министрликтер жана биз тарабынан негизги көрсөткүчтөр киргизилип жатат. Ноябрга чейин 2019-жылдан тарта система иштеп баштагандай кылып киргизебиз деп үмүттөнөм”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий