• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ММБФ: Мамлекет "Каприз" пансионатынын 28% акциясын сатууну пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон “Каприз” пансионатындагы 28 пайыз акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекет ушунча жылдан бери бир да тыйын дивидент алган жок. "Себеби анын башка акционерлери убагында банктардан кредит алып алышкан. Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз", - деди Бакиров.

Ал "Капризди" баасы бар учурда сатып жиберүү туура экендигин кошумчалап, баалангандан кийин бир эле мезгилде республикалык бюджетке каражат түшүрөбүз деди.

Пикир

Оставить комментарий