• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ММБФ мурдагы башчысы Болсунбек Казаков кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май раойндук соту тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков бир айга камакка алынды. Бул тууралуу миниcтрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Б.Казаков Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (салык, бажы, менчиктештирүү же лицензиялык ишмердүүлүктү жүргүзүү учурунда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен шектелип кармалды.

ИИМден билдиришкендей, бул кылмыш ишинин алкагында шектелип КР ИИМ Тергөө кызматы тарабынан ММБФ төрагасынын мурдагы орун басары Б.Мураталиев кармалды. Ага да жогорудагы 304 жана 307-беренелер боюнча айып коюлууда.

Кечээ, 12-апрелде ММФБ төрагасынын мурдагы орун басары Б.Мураталиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. КР ИИМ Тергөө кызматы иликтөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий