• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ММБФ жыл аягына чейин мамлекеттик ишканалардын кирешесинин өсүшүн болжолдоодо

Экономика 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Мамлекеттик мүлкту башкаруу фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын 9 айында мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1,3 млрд сом, ал эми мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун кирешеси 8,5 млрд сомду түзгөн.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында фонддун директору Мирлан Бакиров маалымдагандай, өткөн жылдын жыйынтыгында мамилекеттик ишканалардын таза кирешеси 2 млрд сом, ал эми мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун кирешеси 11 млрд сомду түзгөн.

Ал бүгүнкү күндө фонд ижарага берилген аянттарды аныктоо жана интентаризация жүргүзүү боюнча иштерди алып барып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий