• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ММК фонду Нарындагы медиктерге кенемте төлөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат которду

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Нарын облусундагы медиктерге кенемте төлөө үчүн 15 млн сомдон ашык каражат которду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

"ММК фонду 2020-жылдын август айында Нарындагы 1 миң 204 медицина кызматкерине компенсациялык төлөмдөр үчүн 15 млн 605 миң 100 сом которду. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий