• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ММК фондунун 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 846 млн сомго, чыгашалар бөлүгү 371 млн сомго жогорулайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин негизги параметрлерине тактоого багытталган «КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Фонддун башчысы Марат Калиевдин айтымында, буга чейин ММК фондунун 2018-жылга карата бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 14 млрд 230 млн сом көлөмүндө бекитилгенин эске салып, азыр ал көрсөткүчтү Өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыл ичиндеги чечимдеринин негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкканын билдирди.

«Ошентип, ММК фондунун 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 846 млн сомго жогорулайт. Ал эми анын чыгаша бөлүгүнүн мурда бекитилген көрсөткүчү 371 млн сомго жогорулайт”, - деди Марат Калиев.

Бир катар депутаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкбаш мекеме экенин айтып, ал Каржы министрлигинен алган ири каражатты саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүргөндөн башка иши жок, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып калганын сынга алышты. Алардын пикиринде, мындай ашыкча түзүмдөрдү жоюп салуу керек.

Ал эми саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев фонд саламаттык сактоо тармагын реформалоо алкагында түзүлүп, мыйзам алкагында иш алпарып жатканын, мындай мекемелер өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө бар экенин белгиледи.

«КР Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин келерки аптада өтө турган жыйынында улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий