• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММК: Франциянын президенти 3 айда макияжга 26 миң евро короткон

Дүйнө 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Франциянын президенти Эммануэль Макрон 3 айдын ичинде визажисттин кызматы үчүн 26 миң евро короткон. Бул тууралуу Closer со басылмасы Le Point журналына шилтеме берип жазып чыкты.

“Эммануэль Макрон өзүнүн визажистине абдан байланат окшойт. Президент анын Елисей сарайында болуусун каалаган”,-деп жазылат маалыматта.

Макалада ошондой эле, кандай гана жагдай болбосун жагымдуу көрүнүү абзел, бирок кымбат, Макрондун чыгымдары буга ачыктан ачык күбө. Журналисттер президенттин 10 миң жана 16 миң евро эки чыгымын таап чыгышкан,-деп жазылат.

Визажисттин аты Наташа, ал Макрон менен шайлоо учурунда чогуу иштеген. Closer басылмасында жазылгандай, өлкөнүн мурдагы президенти Франсуа Олланд өзүнүн визажистине айына алты миң евро төлөөчү. 39 жаштагы Эммануэль Макрон президенттик кызматка 2017-жылдын 14-майында келген.

Пикир

Оставить комментарий