• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ММК: Месси жумасына миллион фунт тапкан алгачкы футболист

Спорт 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. “Барселона” футбол клубунун чабуулчусу Лионель Месси жумасына миллион фунт стерлинг иштеп табат деп жазат “The Times” гезити.

Ал мынчалык чоң суммадагы айлык алган дүйнөдөгү биринчи футболчу болот. Салыштырмалуу “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду жумасына 365 миң фунт иштеп табат.

Мурдараак клуб футболист менен болгон келишимди 2021-жылдын 30-июнуна чейин узарткандыгын билдирген болчу. Документке жакынкы күндөрү кол коюлат.

Гезиттин жазган маалыматына ылайык, Мессинин бир жылдык айлык маянасы болжолу менен 54,8 миллион фунтту түзөт.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий