• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«ММК жөнүндө» КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам массалык маалымат каражаттар чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды жакшыртуу максатында кабыл алынган.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренесине редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзамдын массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укуктарын караштырган 5-беренесинин 2-бөлүгүндө тактоо иретинде «телекөрсөтүү чөйрөсү» деген сөздөр «телерадио уюму» деген сөздөргө алмаштырылган. Анткени өзгөртүлүп жаткан Мыйзамда юридикалык жак жөнүндө айтылып жатат.

Мыйзамдын 6-беренеси жаӊы редакцияда баяндалып, ага ылайык массалык маалымат каражаттарын каттоонун мөөнөтү 1 айдан 10 жумушчу кунгө чейин кыскартылган. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдүн негизинде Мыйзамдын 7-беренесиндеги массалык маалымат каражаттарын каттоо арызында көрсөтүлүүчү маалыматтар жөнүндө камтылган жоболор күчүн жоготот. Анткени ал жоболор Өкмөт аныктаган тартипте камтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий