• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММКФ 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 13 млрд 429 млн сом көлөмүндө каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17 /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 13 млрд 429 млн сом көлөмүндө каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми ММКФ бюджетинин чыгаша бөлүгү да 13 млрд 429 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев Жогорку Кеӊеште ММКФнын 2018-жылдагы бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга карата болжолу каралып жатканда билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылдагы бюджети 13 млрд 448 млн сом, 2020-жылдагы бюджети 13 млрд 706 млн сом көлөмүндө болжолдонуп жатканы белгилүү болду.

«ММКФ фонду негизинен камсыздандыруу корунан, анан республикалык бюджет менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Андан тышкары, бюджеттен тышкары түшкөн кирешелерди камсыздандыруу корун толтурууга которуу чарасы сунушталууда», - дейт Марат Калиев.

Андан сырткары, 2018-жылы ММКФ тарабынан пайдаланылбай калган каражат калдыгын республикалык бюджетке кайра албастан, камсыздандыруу корун толтурууга которуу сунушу да киргизилүүдө.

Депутат Дастан Бекешев сыркоолорго баасы жеӊилдетилген дары-дармектер үчүн канча каражат бөлүнүп жатканына кызыкты. ММКФ жетекчисинин айтымында, бул багыттагы каражат эки булактан түшөрүн билдирди. “Сыркоолор станционардуу жана амбулатордуу болуп экиге бөлүнөт. Станционардуу дарылангандар үчүн каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөнүнө жараша каралат, ал эми амбулатордуу дарылангандарга 2018-жылы ММКФ тарабынан 301 млн сом көлөмүндө каражат каралууда”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, 2018-жылы гемодиализ сатып алуу үчүн ММКФ бюджетинде 286 млн сом бөлүнүп жатканы белгилүү болду. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 100 млн сомго көптүк кылат. Ал эми онкологиялык ооруларга Онкология борборуна республикалык бюджеттен өзүнчө каражат каралмакчы.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2017-жылы өлкөнүн жалпы саламаттыкты сактоо тармагына 16 млрд 278 млн сом жумшала турган болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында 12 млрд 983 млн сом көлөмүндө каражат каралган.

Пикир

Оставить комментарий