• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«ММКФ 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15030,9 млн. сом суммасында бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий