• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММКФ 7 ай ичинде Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдарына 1,5 млрд сомдон ашык каражат бөлгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 2020-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына 1 миллиард 576 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын январынан 20-июлуна чейин ММК фондунун бюджетинин эсебинен бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 млн 576 миң 200 сомду Бишкек шаарынын 35 саламаттык сактоо уюму үчүн, анын ичинде 22 шаардык деңгээлдеги уюм жана 13 республикалык деңгээлдеги медициналык уюмга сарпталган.

Бөлүнгөн бюджеттин көпчүлүк бөлүгү чыгымдарга пайдаланылат:

• эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча – 1026,2 млн сом (65,1%);

• медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга – 364,3 млн сом (23,1%), анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга – 104, 8 млн сом кошумча бөлүнгөн;

• коммуналдык кызмат көрсөтүү чыгымдарга – 87,5 млн сом (5,5%);

• тамак-аш азыктарына – 48,9 млн сом (3,1%);

• башка чыгымдарга – 8,5 млн сом. “Жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга жана запастарын түзүү боюнча ММКФ кошумча каржылоо иретинде 104,8 млн сом бөлдү.

21-июлда Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдары толугу менен камтылган (сатып алуулар жүргүзүлүп, 60% дан ашык жеке коргонуучу каражаттар уюмдарга коюлган)”, - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын февралынан июль айына чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу жана уюмдардын ишинде кайрадан профилдештирүү жана кошумча койка орундарын ачуу боюнча олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Бардыгы болуп Бишкек шаарында кошумча 1455 койка-орундук ачылды.

Күндүзгү стационарда 908 орундуу жана 3 түнкү стационарларда 265 орундук түзүлгөн. Ал жакка 110 - дарыгер, 119 - орто медперсонал, 44 - кенже медперсонал тартылган.

Пикир

Оставить комментарий