• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ММКФ: Быйыл гемодиализ кызматынын акысын төлөөгө 757 млн сом каралган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Быйыл гемодиализ кызматынын акысын төлөөгө 757 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда гемодиализ кызматы 22 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында 1 миң 408 бейтап каттоодо турат.

"Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча бейтаптар 99 миң 700 гемодиализ сеансын алышкан. Ал кызматтар үчүн гемодиализ борборлоруна Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 468,7 млн сом төлөнгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий