• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ММКФ: Саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектин 248 млн 600 миң сомдук кору бар

Ден соолук 0

Бишкек, 14.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектин 248 млн 600 миң сомдук кору бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 ооругандар үчүн эки миңге жакын орундуктар даярдалган. Бишкекте эле 700гө жакын керебет уюштурулган.

“Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектин кору 248 млн 600 миң сомду түзөт. Бишкекте 54 млн 100 миң сомго, Баткенде 23 млн сомго, Жалал-Абадда 41 млн сомго, Ошто 56 млн сомго, Ысык-Көлдө 20 млн 600 миң сомго, Нарында 10 млн 600 миң сомго, Таласта 5 млн сомго, Чүй облусунда 37 млн сомго дарылар бар”, - дейт ал.

Өскөмбаева өлкө аймагында медициналык буюмдардын 34 млн сомдук кору бар экендигин кошумчалады.

“Жеке коргонуучу каражаттардын 532 млн сомдук кору бар. Ошондой эле 432 миң даана бир жолу колдонуучу кийим, 2 млн 998 миң даана бир жолу колдонуучу беткап, 586 млн даана респиратор даярдалган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий