• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММКФ тарабынан 2020-жылдын 1-кварталында саламаттыкты сактоо уюмдарына 2,5 млрд сом төлөндү

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2020-жылдын 1-кварталында Бирдиктүү салык төлөөчү системасында иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарына 2 млрд 580 млн сом төлөндү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинен:

-медицина кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жана Соцфондго чегерүүлөргө – 2 122, 4 млн сом;

-дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алуу, жеке коргонуу каражаттарын кошкондо – 266,9 млн сом;

-тамак-аш азыктарын алууга – 28,8 млн сом;

-коммуналдык кызматтарды төлөөгө жана 231 саламаттыкты сактоо уюмунун транспорттук чыгымдарына – 231,9 млн сом;

Андан тышкары, 37,5 миң гемодиализ сеансын көрсөтүү үчүн 176,4 млн сом төлөндү. Дарыканаларга жеңилдетилген рецепттер боюнча берилген дары-дармек каражаттары үчүн – 84,6 млн сом төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий