• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ММКФ: Жеңилдетилген категориядагы жарандар үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт ала алышат

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Жеңилдетилген категориядагы жарандар үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт ала алышат. Бул тууралуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК фонд) төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кепилдиктер программасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары-дармектердин маалымдамасы ММК фонду менен иштеген бардык үй-бүлөлүк дарыгерлерде жана дарыканаларда бар. Ошондой эле маалымдама менен ММК фондунун foms.kg сайтынан таанышса болот.

“Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу бардык жарандарга, атап айтканда, дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алган калктын жеңилдетилген категорияларына мамлекеттик кепилдиктер программасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча кагаз рецепттери күчүндө болгон Чүй, Нарын жана Баткен облустарынын жашоочуларынан сырткары үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылып, электрондук рецепт жаздырып алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертким келет”, - деп айтат Өскөмбаева.

Ал жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге катталууда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун болушу маанилүү шарт болуп саналарын белгиледи.

“Амбулатордук жана ооруканалар деңгээлиндегиде мамлекеттик кепилдиктер программанын алкагында жеңилдетилген рецепттерди же медициналык кызматтарды алууга байланыштуу бардык суроолор боюнча ММК фондунун “113” байланыш номерине иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылыңыздар”, - деп маалымдады Өскөмбаева.

Пикир

Оставить комментарий