• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ММКФнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп Талайбек Исаев дайындалды

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облусундагы аймактык башкармалыгынын эмгек жамаатынын сунушу менен Исаев Таалайбек Мэлисович аталган мекеменин директору болуп дайындалды.

Исаев Таалайбек Ысык-Көл облусунда туулуп-өсүп, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облусундагы аймактык башкармалыгында 12 жыл иштеген.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак аталган кызматты ээлеген Камчыбек уулу Курбанбек өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий