• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мобилдик калкты тейлөө борборунун кызмат көрсөтүүсүнүн баасы арзандады

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу, ошондой эле пандемия шартында санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактоону камсыздоо үчүн Мобилдик калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) кызматынын баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайфк, Мобилдик КТБ жалпы Кыргызстан боюнча паспортту тариздөө кызмат көрсөтөт (туруктуу жашаган жери боюнча каттоо, паспортту биринчи жолу алуу, алмаштыруу, калыбына келтирүү, санарип электрондук колтамганы берүү, ошондой эле 3 күндө паспорт алуу мүмкүнчүлүгү).

Бишкек жана Ош шаарларында мобилдүү КТБнун паспорттоштуруу үчүн жеке адамга баруу кызматынын баасы 988 сомду түзөт. Буга чейин мобилдүү КТБнун кызмат акысы 1616 сом болгон.

Жеринде документтештирүү кызматтары менен бирге эле жарандар санарип электрондук кол тамгасын акысыз ала алышат.

Бишкек жана Ош шаарларында жамааттык кайрылуулар:

- 2 ден 5 адамга чейин - 806 сом 1 адам үчүн.

- 6 дан 10 адамга чейин - 624 сом 1 адам үчүн.

- 11 ден көп - 441 сом 1 адам үчүн.

Өлкөнүн чоң шаарларында жана райондук борборлордо:

- жеке адамга - 772 сом.

- 2 ден 5 адамга чейин – 633 сом за 1 человека.

- 6 дан 10 адамга чейин – 494 сом за 1 человека.

- 11 ден көп – 355 сом 1 адам үчүн.

Жаран мобилдүү КТБна кайрылганда мобилдүү КТБнын кызматкерлери арыз ээсинин жайгашкан жерине келип, паспорттук кызматтарды көрсөтүү үчүн техникалык жактан жабдылган микроавтобустун ичинде документтерди кабыл алышат (фото кызматтар, ксерокөчүрмө, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн аппарат, касса).

"Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, биринчи топтогу майыптар, мамлекеттик социалдык мекемелерде жашаган адамдар үчүн мобилдүү КТБ акысыз барат",-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында мобилдүү КТБга кайрылуу: 0312 586060, 0550 077594.

Кыргызстандын аймагында: Call -борбор - 119 (чалуу акысыз).

Пикир

Оставить комментарий