• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алай районунун тургундары бекер медициналык кароодон өтүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин Мобилдик мульти-диагностикалык комплекси Алай районунун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иштер алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында өткөрүлүүдө.

Бул комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн бекер медициналык кароодон, дарылоодон жана консультациялардан, ошондой эле диагностикалык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтүүдө.

Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, бул ар кандай ооруларды медициналык изилдөөгө жана диагностикалоого кеңири мүмкүнчүлүк берет. Анын курамына анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, КТ, маммограф, УЗИ аппараты, рентген аппараты, кичи операциялар үчүн операциялык бөлмө жана башка атайын аппараттар кирет.

2023-жылдын 23-мартынан бери Алай районунун 7553 тургуну медициналык кароодон өтүп, 37 миңден ашууну медициналык кеңеш алышкан.

Мульти-диагностикалык мобилдик комплекстин иши калкка сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген, бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү-майлоочу каражаттар менен, ал эми медицина кызматкерлерин эмгек акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.

Пикир

Оставить комментарий