• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мобилдик топтор жарандардан коронавирусту аныктай турган анализдерди албайт - Суракматов

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Мобилдик топтор жарандардан коронавирусту аныктай турган анализдерди албайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаар тургундары күнү-түнү үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлеринен кеңеш ала алышат. Акимчиликтер жана муниципалдык аймактык администрациялар жарандарга үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алуу үчүн жардам беришүүдө.

“Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 28-июнунда кабыл алынган буйругуна ылайык, мобилдик медициналык топтор кайрылган жарандардын абалын текшерүү жана биринчи диагностика жасоо үчүн келишет. Алар ПЦР-тестке мазок алышпайт жана экспресс-тест жасашпайт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуктурган 439 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ти түзөт. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий