• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мобилизациялык резервдик жыйын аяктап, жоокерлер ант берди

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда 20636 аскер бөлүгүнүн базасында мобилизациялык резервдик жыйыны аяктап, жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки 150дөн ашык чакырылуучулары бир ай бою аскер ишине үйрөнүштү.

Алар ант бергенден кийин, жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий