• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мода-2017: Быйылкы күздө мода болуучу кийимдер

Дүр дүйнө 0

Күз. Демек, алдын ала даярданып, гардеробуңузду жаңылоо убактысы да келди. Эгерде сиз ар дайым замандын талабына шайкеш келген кийимдерди кийип, модадан артта калбайын десеңиз анда быйылкы күздө мода болчу кийимдердин айрымдарына сиздин назарыңызды бурабыз.

Булгаарыдан жасалган кыйгач бычылган куртка

Жаңы сезондо аялдар үстүнө кийүүчү кийимдердин арасында эң эле популярдуусу – бул булгаарыдан жасалып кыйгач бычылган куртка. Ишене бериңиз мындай куртка сизди келе жаткан күздүн суугунан сактайт. Эгерде ичинен жылуу свиттер кийип алсаңыз анда эки эсе жылуу болот. Мындай саркеч курткалар көбүнчө табигый же жасалма териден жасалат.

Бир байлам жоолук

Кооз бир байлам жоолуктар кайрадан мода дүйнөсүнө кайтып келди. Мындай жоолукту белиңизге, моюнуңузга же жөн гана башыңызга жарашыктуу кылып салынып алсаңыз болот.

Клетка пальтосу

Эшикте күз демек, жылуу эң башкысы жарашыктуу клетка пальтосун кийүү мезгили келди. Мындай пальто орточо бийиктиктеги бут кийим (сапожка) жана карандаш-юбка менен абдан кооз көрүнөт.

Кооз кур

Кур – бул сиздин образыңызга көрк кошуп, кооздоп туруучу элемент десек жаңылышпайбыз. Мындай ачык түстөгү кур бир гана көйнөгүңүздүн көркүнө көрк кошпостон, белиңизди да жакшынакай кылып көрсөтөт.

Ачык түстөгү өтүк

Кара өңдөгү өтүк - адамды тажатып салат дегенге кошуласызбы? Албетте, кара түстөгү бут кийим ар бир аялдын гардеробунда болушу керек. Бирок, ачык түстөгү бутуңузга жарашыктуу күзгү же кышкы өтүктөрдү сатып алууну да унутпаңыз. Ачык өңдөгү өтүктү бир түстөгү пальто жана джинсы менен кийип алууга болот. Мындай образдагы кийимди кийип алып сиз өзүңүздү элеганттуу айым катары сезе аласыз.

Водолазка

Водолазканы дээрлик бардык кийимдер менен кийе берсе болот. Бир гана ага жарашыктуу аксессуар тандоо керек. Мисалга водолазка менен чоң шуру же тескерисинче кийинекей кооз төөнөгүч тагынып алсаңыз болот.

Узун мелейлер

Ишене бериңиз колуңузга узун мелей кийип алсаңыз өзүнүздү ак сөөк аял катары сезе аласыз. Мелей сиздин образыңызга көрк гана кошуп тим болбостон, колуңузду желден жакшы коргойт.

Күмүш өңдүү сумка

Дизайнерлердин айтымы боюнча күмүш түс быйылкы күздүн эң популярдуу өңү болот. Албетте, бул өңдөгү көйнөктү күн сайын кийе албайсыз, бирок кичинекей сумка сатып алып, каалаган күнү жарашыктуу кийим менен көтөрүп алсаңыз болот.

Комплект костюм

Комплект костюм - үч жылдан бери модадан кетпей, бизнес жаатында иштеген айымдардын сүйүктүү кийимине айланды. Бул кийимди туура тандап кийүү – сизге жарашыктуу образды жана өзүңүзгө болгон ишенимди пайда кылат. Мындай асты-үстү окшош болгон костюмду офистен сырткары ар кандай кечелерге да кийип барууга болот. Баса, образыңызга жарашыктуу сумка тандоону да унутпаңыз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий