• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Модрич баштаган Хорватия Нигерияны 2:0 эсебинде артта калтырды

Спорт 0

Бишкек, 17.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Хорватия менен Нигерия курама командалары 17-июнда Россиянын «Калининград» стадионунда беттешти. Оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.

1-таймдын 32-мүнөтүндө Манджукич башы менен сүзгөн топ нигериялык жарым коргоочу Этебонун бутуна тийип автоголго айланды.

2-таймда Нигериянын командасы чабуулдарга чыкканы менен эч жыйынтык берген жок. Оюндун 71-мүнөтүндө Модрич 11 метрлик айып аянтчасынан тээп гол киргизди.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 17-июнда саат 18:00до Коста-Рика менен Сербия мамлекеттеринин курама командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий