• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Могерини аял-дипломаттар жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини КР аял-дипломаттары жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Федерика Могерини катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кол коюлган Макулдашуунун алкагында Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүктүн жана кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө айтып берген.

“Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Жогорку Кеңеште аялдардын бар болуусунун маанилүүлүгү, социалдык, билим берүүчүлүк, маданият жана башка чөйрөлөрдөгү маселелерде жөнүндө пикир алмашты. Ошондой эле ВСП+ статусунун алкагында Кыргызстандын продукциясын илгерилетүү маселелери козголду”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун аягында катышуучулар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий