• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Могерини: ЕБ менен БА ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын кабыл алуу – өнөктөштүктөгү маанилүү учур

Саясат 0

Брюссель, 19.06.19. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Европа Биримдиги 17-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөр менен кызматташууну тереңдетүү боюнча жаңы стратегия кабыл алды. Ага байланыштуу Евробиримдиктин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Федерика Могери расмий түрдө билдирүү жасады.

“Европа Биримдиги менен Борбор Азиядагы мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун жаңы стратегиясын кабыл алуу – Евробиримдик үчүн бул аймактын мааниси жогорулап жана тыгыз кызматташтыкка умтулуп жаткандыгыбыздын далили болуп саналат. Стратегия туруктуулук жана өнүгүү сыяктуу эки маанилүү жагдайга негизделген. Бул БА өлкөлөрүндөгү кызыккан тараптар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте талкууланып, аныкталган”, - деди Могерини.

Ошондой эле Могерини июль айынын башында Бишкекке келе тургандыгын кошумчалады.

“Мен жакында төртүнчү ирет регионго сапар тартам. Ал жакта беш тышкы иштер министри менен аталган стратегияны ишке ашырууну талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп кошумчалады Евробиримдиктин тышкы иштер, саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү.

Могерини Борбор Азияны Евробиримдиктен көп нерсе талап кылган аймак катары көрө тургандыгын баса белгиледи.

“Биз аталган талаптарга жооп берип жатканыбызга кубанычтабыз. Биз күн тартибинде кызматташтыктан башка максаты жок ишенимдүү өнөктөштөрдөнбүз. Кабыл алынган жаңы стратегия өнөктөштүктөгү маанилүү учур”, - деп Могерини өз сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий