• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мохаммед Салах экинчи ирет африкалык мыкты футболчу аталды

Спорт 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Африка континентинин футбол конфедерациясы Египет курамасы жана "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мохамед Салахты 2018-жылдын мыкты футболчусу деп тапты. Бул тууралуу rsport.ria.ru жазат.

Ушуну менен Салах африкалык мыкты футболчу наамын экинчи ирет катары менен алып жатат. Аны менен катар мыкты наамы үчүн камерундук чабуулчу Садио Мане жана габондук футболчу Пьер-Эмерик Обамеянг ат салышкан.

Белгилей кетсек, Мохаммед Салах 26 жашта. Ал учурда ойноп жаткан "Ливерпуль" клубуна 2017-жылы "Рома" клубунан 42 млн. еврого алынган.

Былтыр М. Салах "Ливерпулдун" курамында 52 оюн өткөрүп 44 топ киргизген. Ал 32 голу менен англиялык премьер-лиганын мыкты чабуулчусу жана мелдештин мыкты оюнчусу деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий