• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мохаммед Салах "Ювентуска" 200 млн еврого өтүшү мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар. "Ливерпуль" футболдук клубунун чабуулчусу Мохаммед Салах италиялык "Ювентуска" 200 млн еврого өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Sky News Arabia каналы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, "Ювентустун" жетекчилиги футболчуну алып келүү үчүн 200 млн. евро төлөп берүүгө даяр.

Салах жайында мадриддик "Реалга" барып калышы мүмкүн болгон Пауло Дибаланын ордун басышы мүмкүн деп айтылууда.

Белгилей кетсек, Салах Англиянын премьер-лигасынын бул сезонунда "Ливерпуль" үчүн 26 оюн өткөрүп, 17 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий