• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МОКК тандоо боюнча комиссиянын жаңы мүчөлөрүн топтоо үчүн сынак жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы коомдук кеӊештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча Комиссиянын Катчылыгына Кыргыз Республикасынын жарандык секторунан иш мөөнөтүнүн аягына чыккандыгына байланыштуу 10 мүчөнү шайлоо жөнүндө сынакты жарыялайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардагы Коомдук Кеӊештер жөнүндөгү» 2014-жылдын 24-майындагы Мыйзамына ылайык жарандык коомдун атынан Комиссияга мүчөлүккө шайлануу боюнча сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү бирикмелердин биринен көрсөтүлүүсү сунушталат:

1) каттоодон өткөн юридикалык тараптардын бирикмелери;

2) коомдук бирикме түрүндө катталган үчтөн кем болбогон коммерциялык эмес уюмдар, фонд жана/же мекеме (муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерден башкалары)

Жарандык коомдун атынан Комиссияга шайлануу үчүн бир коомдук бирикмеден бир гана талапкер сунуштала алат. Бир юридикалык жак жарандык коомдун атынан Комиссияга мүчөлүккө шайлануу үчүн бир гана коомдук бирикменин курамында талапкер катары катыша алат.

Комиссиянын мүчөлүгүнө жогорку билимдүү, соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштебеген, жарандык демилгелердин жана коомдук ишмердиктин тажырыйбасына ээ Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, 25 жаштан жогору жарандары талапкер боло алышат.

Комиссиянын мүчөсү коомдук кеӊештин мүчөсү болбошу керек. Коомдук кеӊештин мүчөсү жарандык сектордон Комиссияга мүчөлүккө шайлануу үчүн сынакка катыша алат. Комиссияга мүчө болуп шайланып калган учурда анын коомдук кеӊештеги мүчөлүгү токтотулат.

Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө шайлануу боюнча сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтерди (колмо кол, почта же электрондук почта аркылуу)жеткирүү керек:

1) талапкерди Комиссияга шайлоо үчүн сунуштаган бирикменин каты (каттоодон өткөн бирикменин жетекчисинин колу менен же катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору, күбөлөндүргөн мөөрлөрү менен);

2) сынакка катышуу үчүн талапкердин арызы;

3) автобиографиялык маалыматтарын көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик ишиндеги тажырыйбасы жана коомдук ишмердиктери жөнүндөгү маалыматтар (резюме сүрөтү менен).

Сынакка катышу үчүн документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

1) 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү» деген белгини коюу менен);

2) же osgo@mail.gov.kg электрондук дарегине «коомдук кеӊешке сынагына» деген белги менен конкреттүү мамлекеттик органды көрсөтүп (5 МB көлөмүнөн ашпаган, PDF форматында, бир файлда жөнөтүүнү сунуштайбыз).

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын Коомдук кеӊештери жөнүндөгү» Мыйзамында бекитилген жогорудагы талаптарга жооп бербеген документтерди жиберген талапкерлер бул сынакка катышууга киргизилбейт.

Арыздарды кабыл алуу 2019-жылдын 2-августунда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий