• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Молдо Кылычтын китебинин бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. Кыргыз элинин туңгуч жазма акыны, даанышман ойчулу Молдо Кылыч Шамыкан уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгына карата КР Президентинин Аппаратынын тапшырмасы менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Молдо Кылыч” аталышында китеби жарык көрдү. Китепке казалдар, изилдөөлөр жана макалалар камтылып, 1000 нуска менен жарык көрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган китептин бет ачары катарында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында “Молдо Кылыч - улуу акын, даанышман ойчул” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт. Иш-чара КУУнун башкы имаратында өтмөкчү.

Маалыматтык колдоо үчүн төмөнкү номерлерге чалууга болот: 0551996517 0553 653501

Пикир

Оставить комментарий