• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Молдогазиев Литва парламентинин “Литва - Кыргызстан” достук тобунун төрагасы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Вильнюс шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Литва парламентинин “Литва-Кыргызстан” достук тобунун төрагасы Зенонас Стрейкус менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Литванын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Молдогазиев кыргыз тарап үчүн парламентаризм, ошондой эле жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорлорун кабыл алуунун жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар парламентарийлердин ортосундагы сапарлар менен алмашуу байланыштарды чыңдоонун негизги бөлүгү катары белгилешип, ошондой эле Кыргызстан менен Литванын парламенттериндеги достук топторунун ортосунда тыгыз байланыш түзүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий