• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Варшавада кыргыз-поляк парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Варшава шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Польша парламентинин сенатынын "Польша - Кыргызстан" достук тобунун төрагасы Ян Филип Либицки менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Айбек Молдогазиев ар бир мамлекеттин динамикалуу демократиялык өнүгүүсү үчүн мыйзам чыгаруу бийлигинин ролун жана польшалык парламентаризмдин бай тажрыйбасын эске алуу менен ченем жаратуучу ишмердүүлүктө тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Польшанын парламентарийлеринин ортосунда сапарлар менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, мында Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги жана Польшанын парламентиндеги достук топтору негизги ролду аткара тургандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий