• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын III комитетинин жалпы дебатында сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева 2021-жылдын 30-сентябрында өз ишин баштаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү комитетинин жалпы дебатынын ачылышында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өз сөзүндө Молдоисаева Кыргызстан БУУнун уставында, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана башка эл аралык документтерде жазылган адам укуктары менен эркиндиктерин жалпы таануу жана сактоо зарылдыгын колдой турганын ырастады.

Белгиленгендей, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы БУУнун адам укуктары боюнча келишим органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатууну жана БУУнун атайын жол-жоболору менен кызматташуу механизмин күчөтүүнү жактайт.

Адам укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык нормаларды жана стандарттарды сактоо процессине эл аралык деңгээлде катышуу үчүн Кыргызстандын талапкерлиги 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине көрсөтүлгөнүн өзгөчө белгиленди. Бул контекстте ал БУУга мүчө мамлекеттерден бул органга Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо үмүтүн билдирди.

Ал Кыргызстан рассалык, этникалык жана диний басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөргө каршы турууга өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу, балдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо, ошондой эле миграция маселелери боюнча өкмөттөр аралык кызматташтыкты жогорулатуу жана эмгек мигранттардын жана алардын үй -бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Афганистандагы кырдаалга токтолуп, Кыргыз Республикасы өлкөнүн жогорку окуу жайларына окууга 500 афган студентин кабыл алуу чечимин кабыл алганын маалымдады.

Кыргызстан Башкы катчынын, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун жана БУУнун башка агенттиктеринин пандемия менен күрөшүүгө жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуга, анын ичинде Глобалдык эмдөө планын түзүүгө жана COVAX механизминин ишмердүүлүгүнө багытталган иш-чараларды колдой тургандыгы белгиленди.

Ушуга байланыштуу мүчө мамлекеттерди COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн коомдук саламаттык сактоо жана мамлекеттик каржылоо жаатында бардык деңгээлдеги координацияны күчөтүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий