• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Сполярич-Эггер менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. 22-январда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева менен БУУнун башкы катчысынын жардамчысы - БУУнун Өнүктүрүү программасынын регионалдык директору Мирьяна Сполярич-Эггер мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, тараптар коронавирус эпидемиясына каршы аракеттенүү жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерди талкуулашты.

Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева мамлекет башчысын шайлоо жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасы боюнча референдум жөнүндө маалымат берип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өлкөдөгү шайлоо процессин чыңдоодогу салымын белгилеп өттү.

Андан ары Миргүл Молдоисаева биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана деги эле экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында кыргыз тараптын келечектеги демилгелери, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү жана татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатындагы демилгелер жөнүндө маалымат берди.

Тактап айтканда, ал 2021-жылдын февралында Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара өтө тургандыгын белгилеп, Кыргызстандын жана Эл аралык эмгек уюмунун атынан ага Мирьяна Сполярич-Эггерди катышууга чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич-Эггер өз кезегинде, БУУнун тоолуу мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн принциптерин илгерилетүү жаатында Кыргыз Республикасынын ийгиликтерин белгилеп өттү.

Ошол эле учурда Мирьяна Сполярич-Эггер “Борбордук Азия мамлекеттеринин лидер аялдарынын диалогу” платформасынын ийгиликтүү башталгандыгын белгиледи. Ошондой эле ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын кыргыз тараптын бардык демилгелерин колдоого даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий