• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Молдоисаева БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциясынын катчылыгынын Аткаруучу катчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-июлунда БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү М. Молдоисаева БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциясынын Катчылыгынын Аткаруучу катчысы Элизабет Марума Мрема менен видео конференция форматында жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өттү.

Жолугушуунун негизги максаты - 2021-жылдын 16-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында кабыл алынган "Жаратылыш чек араны билбейт: Трансчекаралык кызматташтык - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун негизги фактору" резолюциясы жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. Аны мындан ары практикалык жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты жана тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жооптуу катчы бул багытта колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий