• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Молдоисаева Орто Азия өлкөлөрүндө атуучу куралдарды террористтерге жеткирүүнү алдын алууга багытталган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева Орто Азия мемлекеттеринде атуучу куралдарды террористтерге жеткирүүнү алдын алуу жана ага каршы чара көрүү боюнча иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Нью-Йорк шаарында өтүп, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Бул долбоордун салтанаттуу ачылышына БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков, БУУга мүчө Орто Азия мамлекеттердин, Россия Федерациясы жана Сауд Аравиянын Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Туруктуу өкүл М.Молдоисаева өзүнүн сөзүндө, Орто Азия мамлекттери менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыкты, атап айтканда, БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын Борбор Азия аймагында ишке ашыруусун, анын ичинде мамлекеттердин терроризмге каршы потенциалын бекемдөө маселелери эң маанилүү иш-чаралардын бири экенин белгилеп кетти.

Ошондой эле, жолугушуу учурунда тараптар БУУнун Борбор Азия мамлекеттерине жардам көрсөтүү боюнча пландаштарылып жаткан 3 жылдык долбоорун жана терроризмге каршы эл аралык конвенцияларды жана протоколдорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий