• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Молдокматов: С.Жээнбековдун Кытайга болгон сапары жемиштүү болоору күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына күтүлүп жаткан расмий сапары жемиштүү болот деп ишенем, анткени күн тартибинде эки өлкө үчүн маанилүү болгон бир катар маселелер турат. Мындай оюн “Кабар” агенттигине “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, С.Жээнбеков өзүн эл аралык аренада начарлап калган алакаларды жөнгө сала ала турган президент катары көрсөттү. Ж.Молдокматов мисал катары коңшу Казакстан жана боордош Түркия менен болгон алакаларды келтирди.

“Кытай – биздин коңшу, алар менен алакалар байыркы мезгилде эле түптөлгөн. Албетте, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштөр, ошондуктан да мамилелерди ар дайым жакшыртып жана бекемдеп туруу керек. Ал эми конкреттүү түрдө күтүлүп жаткан жолугушуу тууралуу айта турган болсом, бул жерде маанилүү жагдай бар – жолугушуунун демилгечиси Кытай тарап. Төрага Си Цзиньпин өзү С.Жээнбековду чакырды. Бул тараптардын бетме-бет отуруп талкуулай турган маселелери бар экендигинен кабар берет. Бизге маалым болгондой, эки мамлекет тең ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызыктар: Кыргызстан аркылуу түкмөн газын транзит кылуу, темир жол куруу ж.б. Биз үчүн бул жолугушуу бир катар маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болушу мүмкүн. Алардын эң негизгиси – бул биргелешкен ири долбоорлор жана биздин тышкы карызыбыз. Албетте, эч ким аны кечүү жөнүндө айтып жаткан жок, бирок президент С.Жээнбеков өзүнүн кесиптешинен насыя төлөөнүн мөөнөтүн узартууну же болбосо башка жеңилдетилген түрлөрү боюнча сурашы мүмкүн. Андан тышкары, Президенттин Аппараты ЖЭБге жана Кытайдын ТВЕА айланасына байланышкан документтерди даярдашы да мүмкүн”,-деп билдирди Замандаш партиясынын төрагасы.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 9-10-июнунда Циндао шаарына (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мамлекеттик визиттин алкагында президенттин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий