• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Молдова президенти Майя Санду парламентти таркатты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.04.21. Молдованын президенти Майя Санду парламентти таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 11-июлда өтөт.

Буга чейин депутаттар үч ай ичинде өкмөт курай албай калгандан кийин өлкөнүн Конституциялык соту парламентти таркатууга уруксат берген.

Молдованын мурдагы президенти жана Сандунун шайлоодогу атаандагы Игорь Додон парламенттеги көзөмөлдү сактап калган. Ал орусиячыл маанайдагы саясатчы болуп эсептелет. Президент параментти таркатууну чечкенден кийин Додон Сандуну майда саясий амбицияга жана мамлекеттин акчасын чачып жок кылууга айыптады. Додон коронавирус пандемиясы жүрүп жаткан маалда президент өз калкына кам көргөн жок деп эсептейт.

Санду саясатка 2010-жылдын башында аралаша баштаган. Ал европачыл “Аракет жана тилектештик” партиясын түзүп, орусиячыл президент Игорь Додонго жана өлкөдөгү таасирдүү олигарх Владимир Плахотнюкка каршы чыккан.

Кийинчерээк Додон жетектеген социалисттер менен кыска убакытка альянс түзүп, Плахотнюкту бийликтен кетирип, өкмөт башчылыкка дайындалган. Бирок көп өтпөй кайрадан оппозицияга өтүп, шайлоодо президент Игорь Додонду жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий