Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Молдовановка айылында абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №1 абакка белгисиз бирөө тарабынан болжол менен саат 4:28дер чамасында нашаа ыргытылган.
Жеринде көлөмү 23,68 грамм болгон баңги заты табылган.
Аталган факты боюнча ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесине ылайык, кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-аракетинин жыйынтыгында мурда соттолуп чыккан 1979-жылкы А.Т.З., аттуу жаран кармалган.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.
Пикир
Оставить комментарий