• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Молдовановкада түзөтүү мекемесине баңгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Молдовановкада түзөтүү мекемесине баңгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ,19-апрелде саат 23:15тер чамасында Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесине эки пакетти ыргытканга аракет кылган жаран кармалды.

Мекеменин ыкчам кызматкерлери Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери менен бирге ал адамды кармашкан. Мыйзам бузган жаран өзүн 21 жаштагы Б.уулу Ж. деп тааныштырган.

Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинде скотч менен оролгон жашыл түстөгү мүнөздүү жыты бар, жалпы салмагы 513 граммды түзгөн зат болгон.

Окуя боюнча тиешелүү материалдар жана кармалган адам Аламүдүн райондук милициясынын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий