• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Молдовановкадагы абакта 59 соттолуучу ачкачылык жарыялады

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакканда 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялады. Мындай маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бышыктады

Маалыматка ылайык, ачкачылык кармаган 59 соттолуучу абактын шартына нааразылыгын билдирип жатышат. Алардын ичинен ону ооздорун төөнөп алышты.

Ал эми Кыйноого каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов абактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат 5-июнда келип түшкөнүн билдирди.

Улуттук борбордун кызматкерлери аталган абакка барып, ачкачылык жарыялагандардын талабы жана абалы менен таанышкан.

Сулайманов учурда түрмө жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталбаганын билдирди.

Учурда ачкачылык кармагандарга түрмө жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий