• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Молдовановкадагы абактан качкандардын бири өлтүрүлүп, экинчиси кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинен 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40та соттолгондор 58 жаштагы Т.Т. жана 22 жаштагы К.И. башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашкандай, түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткан соттолгондорду коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыраакылыгын көрсөтүшүп, качууга аракет кылгандарды чектелген аймактан таап, эскертүү ирээтинде абага ок чыгарышкан. Андан кийин атууну башташып, анын натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалды.

Кармалгандар өзгөчө оор кылмыштары ("адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо") үчүн жаза өтөп жатышкан. Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болгон.

Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Пикир

Оставить комментарий