• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Момбеков: Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында депутат Рыскелди Момбеков белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамайдын келерки жылы белгиленүүчү 100 жылдыгына карата жасала турган иштер солгундап жаткандыгын көтөрүп чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча өткөн жыйындардын биринде депутат Адыл Жунус уулу манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу максатында борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу, анын айкелин тургузууга жер бөлүү маселесин көтөргөн. Бирок бул маселени КР Өкмөтү шаар мэриясына тапшырса, мэрия трансформация маселесине шылтап, жер бөлүү жагын кечеңдетип, маани берилбей жатыптыр.

“Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек”,- деген депутат Рыскелди Момбеков мындай шартта аталган маселе боюнча парламенттин тармактык комитетине протоколдук тапшырма берүү керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий