• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Момуналиев: Теле жана радио журналисттер аркылуу жарандар дүйнөдөгү акыркы жаңылыктардан ыкчам кабар алууга мүмкүндүк алышат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. Теле жана радио журналисттердин ишинин аркасында өлкөнүн эң алыскы аймактарында жашаган жарандар өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы коомдук-саясый жана маданий жаңылыктарды ыкчам алууга мүмкүндүк алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев айрым теле жана радио кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйлоо аземинде билдирди.

Сыйлоо аземин ачууда Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков айрым теле жана радио кызматкерлеринин атамекендик журналистиканы өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин объективдүү жана ыкчам чагылдырууга кошкон жеке салымын эске алуу менен бир катар теле жана радио журналисттерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо чечими кабыл алынгандыгын белгиледи.

«Өтө тездик менен өнүгүп жаткан биздин заманбап дүйнөбүздө жашоону радио жана телеберүүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Сиздер жылына 365 күн бою дем алышсыз жана майрамдарга, түрлүү аба-ырайына карабастан бизге, катардагы угуучуларга жана көрүүчүлөргө, дүйнөдөгү жана өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча такталган жана ыкчам маалыматты алгачкылардан болуп жеткирүү үчүн кызмат кыласыздар», – деди ал.

Жыйынтыгында, Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев теле жана радио кызматкерлерине үй-бүлөлүк бакыт, чың ден-соолук, гүлдөп-өнүгүүнү жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий