• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Момунов Акыйкатчы кызматына койгон өз талапкерлигин алып салды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө маселе каралып жатат, анда Маматурайим Момунов өз талапкерлигин алып салды.

“Биздин арабызда Токон Болотбековичке окшогон тажрыйбалуу аксакалдар бар экендигин көрүп, өз талапкерлигимди алып салууну чечтим”, - деп билдирди Момунов.

Азыркы учурда 4 талапкер калды: КСДП фракциясы Токон Мамытов, «Бир Бол» фракциясы Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиз.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий