• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Монголдор CNN версиясы боюнча эң кыйын улуттардын рейтингине кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. CNN дүйнөдөгү эң кыйын улуттардын рейтингин түзүп, биринчи ондукка монголдор киргенин CNN Travel сайты жазат.

Бүтүндөй бир өлкөнү кыйын деп атоого болобу? Бир улутту башкасынан кыйын саноо адилеттүүбү? – деп суроо салат CNN. Көпчүлүк өлкөлөрдө киши өлтүргүчтөр, тирандар жана реалити-шоу жылдыздары бар экенин эске алганда – ооба деп жооп берүүгө болот. CNN бул суроосуна өзү жооп берүүнү чечкен.

CNN 14 өлкөдөн турган тизмени түзүп, анда дүйнөнүн эң кыйын улуттарынын рейтингин белгилеген. Монголдор 4-орунда турат.


CNN сайтында Монголия тууралуу табышмактуу өлкө катары айтылат. Бул эркиндикти сүйгөн жандар көчмөн жашоодо жашашат, алар өзгөчө үн менен ырдоону жан боз үйдү жакшы көрүшөт. Бут кийим,тыш кийим, баш кийимдеринин баары териден жасалган. Бул алардын тарыхый табышмактуулугуна артыкчылык кошот. Ошондой эле, айрымдары үй жаныбары катары бүркүт кармашат,- деп жазат телеканал.

Кыйындыктын иконасы: эң кыйын “Монгол” тасмасындагы Чыңгызхандын аялынын ролун аткарган актриса Хулан Чулуун.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий