• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Монголияда кыргыз мугалими күжүрмөн эмгеги үчүн төш белги менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын орус тили жана адабияты мугалими Мира Сагынбаева Монголиянын биринчи даражадагы мугалими төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, төш белги монгол балдарына билим берүүдөгү күжүрмөн эмгеги үчүн тапшырылды.

Мира Сагынбаева Монголиянын Улан-Батор шаарындагы мектептердин биринде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп келди. Ал жакка атайын чакыруунун негизинде эки жылдык келишим менен барган.

“Россияда бала бакчада педагог болуп иштеп жүрсөм, Монголияга барып иштөө боюнча чакыруу түшүп калды. Бул мага абдан кызык болду. Анткени көптөн бери Чыңгыз хандын өлкөсүнө баргым келип жүргөн. Башында монгол балдарга биздин балдарга салыштырмалуу орус тилин үйрөтүү кыйынга турду. Бирок ар кандай кызыктыруучу оюн, сабак, ыкмалардын натыйжасында жогорку деңгээлде үйрөтө алдым. Окуучулар мага ыраазы, мен аларга ыраазы болуп кайттым. Мени кайра жаңы окуу жылында кайтып келүүмдү суранышты. Бирок үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу баш тарттым”, - дейт мугалим.

Сагынбаева Кыргызстан менен Монголиянын билим берүү системасында чоң айырма бар экендигин айтат.

“Мага ал жактагы мектептердин баарынын акылуу болгону таң калтырды. Өзгөчө орус тилдүү мектептерде билим алуу өтө кымбат. Буга кошумча корей, англис, кытай, орус тилдерин үйрөнгөндөр да көп. Алар үчүн билим алуу биринчи орунда. Ата-энелер дагы балдарынын мыкты билим алуусуна болгон шартты түзгөнгө аракет кылышат экен”, - деди ал.

Мира Сагынбаева 1992-жылы Россиянын Оренбург шаарындагы Оренбург мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Буга чейин Калининград (Россия), Бишкек, Нарын шаарларындагы мектептерде орус тили жана адабияты мугалим болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий