• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Монголияда президенттик шайлоодо жеңүүчү аныкталган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Дүйшөмбүдө Монголияда өткөн президенттик шайлоо учурунда жеңүүчү аныкталган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, оппозициялык демократиялык партиядан талапкер, чыгыш жеке күрөшү боюнча мурдагы чебер Халтмаа Баттулг көпчүлүк добушка ээ болуп, бирок жеңишти камсыздай турган 50 пайызды топтой алган жок. Буга байланыштуу эки жума аралыгында экинчи тур өтөт.

Учурда добуштарды эсептөө жүрүүдө. БШК парламент спикери Миеэгомбын Энхболд менен Элдик-революциялык партиядан Сайнхуугийн Ганбаатардын кимиси экинчи орунду алганын жана кийинки шайлоого чыгарын айта элек.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий