• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

CA-NEWS: Монголияда топоз фестивалы өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

CA-NEWS: Бүгүн, 27-майда Монголиянын Умнеговь провинциясында жыл сайын өтүүчү топоздорго арналган «Сарлаг фестиваль 2017» өтөт. Иш чара «Гоби-Гурван-Сайхан» улуттук паркынын тоолорунда өтөрүн ARD порталы билдирет.

Фестивалдын максаты – аймакта топоз өстүрүү салтын сактоо, топоз түрүн көбөйтүү, малчыларды колдоо, ошондой эле, топоздун баалуулугун жогорулатуу менен туризмди өнүктүрүү.

Иш чара 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Фестивалда топоздун жана башка жаныбарлардын сүтүнөн жасалган азыктардын, топоздун жүнүнөн жасалган буюмдардын көргөзмөсү өтөт.

Мындан тышкары топоз жарыштары жана мыкты түрлөрдүн сынактары болот. Фестивалга катышкан ар бир топозго 5000 тугрик (2$) өлчөмүндө сыйлык тапшырылат.

Белгилей кетсек, Монголия топоз багуу боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Мында 615 миң баш топоз бар.

Пикир

Оставить комментарий