• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Монголиядагы президенттик шайлоонун 2-туру 9-июлда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Монголиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 9-июлга белгиленди. Бул тууралуу “Франс Пресс” агенттиги БШКга шилтеме берүү менен билдирип чыкты.

Буга чейин маалымдалгандай президенттикке талапкерлердин бирөөсү дагы биринчи турда 50%пайыздан ашык добуш алган эмес.

Монголиядагы президенттик шайлоо жетинчи ирет өтүп жатат. Ага ири саясий партиялардан тандалып чыккан үч талапкер ат салышууда. Учурдагы президент Цахиагийн Элбэгдорж “Демократия” партиясынан чыккан. Ал президенттик тактыда эки мөөнөт шайланганына байланыштуу үчүнчү ирет талапкер боло албайт.

БШКнын маалыматына ылайык, “Демократия” партиясынын талапкери Халтмаагийн Баттулга биринчи турда атаандаштарынан озуп чыккан. Анткен менен 50%пайыздык чекти басып өтө алган эмес. Белгилүү болгондой, ал шайлоочулардын 33%пайыз добушун алган. Экинчи айлампада Баттулга Монголия парламентинин учурдагы спикери, “Монголия элдик” партиясынын лидери Миеэгомбын Энхболд атаандаш болот. Ал шайлоочулардын 30% добушуна ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий