• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Монголиянын президенти Ысык-Көл менен Хяргас көлүн туташтырган туристтик каттамды түзүүнү сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 12. 06.19. /Кабар/. Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Ысык-Көл менен Хяргас көлүн (Кыргыз көлүн) туташтырган туристтик каттамды түзүүнү сунуштады. Ал бул сунушун президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон кенен форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айтты.

Ошондой эле Халтмаагийн Баттулга, Монголия "Азиянын балдары" фестивалын өткөрүүгө даярданып жатканын белгилеп өттү.

"Фестивалга Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат деп ишенем", - деди ал.

Белгилей кетсек, Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Пикир

Оставить комментарий